huatong
huatong
avatar

Кечки бульвар(ByER)

Биз тобуhuatong
Vᶜᵃᵖ⃤⃝💎☄️𝘾𝙇𝘼𝙎𝙎𝙄𝘾☄️huatong
الكلمات
التسجيلات
Жагымдуу жанга,

Музыка шанга,

Бөлөнүп кечки бульвар.

Жаштыктын оту,

Жалындап кайра,

Эс алат жигит-кыздар.

Ойлонуп нени,

Ойлонуп нени,

Олтурат жалгыз сулуу?

Көңүлү барбай,

Кошула албай,

Бул күндүн майрамына.

Ойлонуп нени,

Ойлонуп нени,

Олтурат жалгыз сулуу?

Көңүлү барбай,

Кошула албай,

Бул күндүн майрамына.

Кабылды бекен,

Жеңил ой менен,

Жаштыктын ыргагына,

Кыйналды неге,

Ыйлады неге,

Чыдабай ызасына.

Көзүнөн тамчы, көзүнөн тамчы,

Куюлуп мөлтүр жашы,

Көңүлдүн жазы,

Айланып жатты,

Кайгынын муздарына.

Көзүнөн тамчы, көзүнөн тамчы,

Куюлуп мөлтүр жашы,

Көңүлдүн жазы,

Айланып жатты,

Кайгынын муздарына.

Токтобойт дагы,

Музыка шаңы,

Жаңырат жандуу ырлар.

Экиден басып,

Кумарын жазып

Жүрүшөт жигит-кыздар.

Сөзү жок желдин,

Узатып демин,

Сооротуп сылагандай,

Ал сулуу кызга

Эркелеп жатты,

Курбусу - кечки бульвар.

Сөзү жок желдин,

Узатып демин,

Сооротуп сылагандай,

Ал сулуу кызга

Эркелеп жатты,

Курбусу - кечки бульвар.

المزيد من Биз тобу

عرض الجميعlogo