huatong
huatong
--cover-image

Кечирип кой

Кенже Көбөковаhuatong
mimi_32400huatong
الكلمات
التسجيلات
Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,

Каалабадым сенден бөлөк, башканы.

Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,

Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.

Баягыңдай күлчү кайра,

Бажырайып жүрчү кайра.

Баягыңдай эч кайгырбай,

Баягыңдай сүйчү кайра.

Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,

Көңүл толуп тең келбеди өзүңө.

Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,

Тагдыр сени энчилептир өзүмө.

Баягыңдай күлчү кайра,

Бажырайып жүрчү кайра.

Баягыңдай эч кайгырбай,

Баягыңдай сүйчү кайра.

Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү,

Канча жолу капа кылдым өзүңдү.

Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,

Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.

Баягыңдай күлчү кайра,

Бажырайып жүрчү кайра.

Баягыңдай эч кайгырбай,

Баягыңдай сүйчү кайра.

Баягыңдай эч кайгырбай,

Баягыңдай жүрчү кайра.

Баягыдай сүйчү кайра.

Сүйчү кайра,

жүрчү кайра.

المزيد من Кенже Көбөкова

عرض الجميعlogo