_Kyzyl_Raushan_
Нурайым Акылбекова - Жамгыр
Жалгызмын жамгыр, жалгызмын бүгүн өзүңдөй,
Жалооруп турам жан дүйнөм сенден бөлүнбөй.
Сен менен келген сезимди бирге жетелеп,
Сен менен гана, сен менен гана
Сырдашкым келет көрүнбөй.
Сен менен гана, сен менен гана
Сырдашкым келет көрүнбөй.
Көңүлүм ооруп, көзүмдөн далай от учкан,
Жан билбес сырды жамгырлар гана окушкан.
Тирилер беле соолуган таза сезимдер,
Жүзүмдөн агып, Жүзүмдөн агып
Жүрөккө жетсең кокустан...
Жүзүмдөн агып, Жүзүмдөн агып
Жүрөккө жетсең кокустан...
Сен менен гана, Сен менен гана
Сырдашкым келет көрүнбөй...
_Kyzyl_Raushan_