huatong
huatong
avatar

Акмарал Жоробаева - Сезген Жоксун

RAIKAHO/Bugahuatong
⚜Myrzaaly⚜huatong
الكلمات
التسجيلات
"Сезген жоксуң"

Сөзү : А.Раимкановдуку

Обону : А.Раимкановдуку

Жаныңа бара албастан,

Ыраактан карап турдум.

Баштагы күндөрдү эстеп,

Башымды чайкап турдум.

Кайырма:

Сен аны, сен аны,

Сен аны сезген жоксуң,

Сен аны билген жоксуң.

Жок нерсем табылгандай,

Жарааттан арылгандай.

Жан дүйнөм балкып турду,

Ошол кез кайрылгандай.

Кайырма:

Сен аны, сен аны,

Сен аны сезген жоксуң,

Сен аны билген жоксуң.

Жакындап баргым келди,

Жакшы сөз айткым келди.

Жаныңда жарым мүнөт,

Бир болуп кайткым келди.

Кайырма:

Сен аны, сен аны,

Сен аны сезген жоксуң,

Сен аны билген жоксуң.

Карааның менден узап,

Жүрөктү чырмап, тузап.

Артыңдан кала бердим,

Арманда жүрөк сыздап.

Кайырма:

Сен аны, сен аны,

Сен аны сезген жоксуң,

Сен аны билген жоксуң.

المزيد من RAIKAHO/Buga

عرض الجميعlogo
Акмарал Жоробаева - Сезген Жоксун لـ RAIKAHO/Buga - الكلمات والمقاطع