menu-iconlogo
huatong
huatong
avatar

Кыргыз кыздар

Нурмат Садыровhuatong
taalaibekovu3huatong
Liedtext
Aufnahmen
Керме каштуу селкилерге сунуп урматын,

"Кыргыз кыз" деп жар салат ырчы Нурматың.

Жыгылсам таяган, жалооруп аяган,

Жылдыздуу пери кыз болчу курдашым.

Кайырма:

Жүрөгүмдүн ооругансып турат туш жагы,

Жетпей сага көңүл чиркин канча сыздады?

Ажары ченелбес, айга да теңелбес,

Ааламда эң сулуу кыргыз кыздары.

Каректери таң сыяктуу атса кылайып,

Кылыгынан эркелеген таппайм бир айып.

Кайыңдай суналган, кымча бел, буралган,

Кыргыздын бир кызы мага ылайык...

Кайырма

Сен жылмайсаң уялгансыйт көктө күн дайым,

Ууртундагы уячаңа сүйүүм сунайын.

Козгогон сезимди, кыргыз кыз өзүңдү,

Апама алпарып келин кылайын.

Кайырма

Журогумдун ооругансып турат туш жагы

Жетпей сага конул чиркин канча сыздады

Ажары чеенелбес айга да теенелбес

Ааламда эн сулуу кыргыз кыздарай

Mehr von Нурмат Садыров

Alle sehenlogo
Кыргыз кыздар von Нурмат Садыров - Songtext & Covers