_By Myrza Production_
__ Special for Aykol __
______1-куплет_____
Өзөндү бойлоп, өзүңдү ойлоп,
Жаз келсе мен да келермин.
Өзүңө жаккан, сага арнап жазган,
Ырымды ырдап эй берермин.
_____Кайырма_____
Жол боюндагы, жол боюндагы,
Ыргалып өскөн ак кайың.
Сагынтат мени, сагынтат сени,
Сагынтат мени, эй жаш чагым.
______2-куплет_____
Алыста жүрүп даалай күн күтүп,
Сагынсам сага келермин
Жүрөктө жүргөн, өзүң деп күйгөн,
Сүйүүмдү сага эй берермин.
_____Кайырма_____
Жол боюндагы, жол боюндагы,
Ыргалып өскөн ак кайың.
Сагынтат мени, сагынтат сени,
Сагынтат мени, эй жаш чагым.
_____Проигрыш_____
______3-куплет_____
Сагыныч эзип, сүйгөнүм сезип,
Күз келсе мен да келермин.
Армандуу жүрөк, жалындап күйөт,
Өзүмдү сага эй берермин.
_____Кайырма_____
Жол боюндагы, жол боюндагы,
Ыргалып өскөн ак кайың.
Сагынтат мени, сагынтат сени,
Сагынтат мени, эй жаш чагым.
Жол боюндагы, жол боюндагы,
Ыргалып өскөн ак кайың.
Сагынтат мени, сагынтат сени,
Сагынтат мени, эй жаш чагым.
Сагынтат мени, эй жаш чагым.
_By Myrza Production_
__ Special for Aykol __