menu-iconlogo
huatong
huatong
avatar

Ханышам (D.Jama)

Кенеш тобуhuatong
◄❂⃟●⃝𝘿.𝙅𝘼𝙈𝘼❂⃟𝙢𝙖𝙭►huatong
Lyrics
Recordings
Special For NURGAZY

Бала:

Карагат көздөрүңдөн,

Көз албай тигилемин.

Канчалык кыйналсам да,

Бир сага ийилемин, ханышам.

Кусага дайым батып,

Өзүңдү сагынамын.

Сүйүүнүн балы болсоң,

Тамшанып малынамын, ханышам.

Үмүттүн кылын терип,

Бүтпөгөн кыялдарым.

Үнүңдү угуш үчүн,

Өзүмдү кыяладым, ханышам.

Көз артса көптөр сага,

Алардан кызганамын.

Көңүлүм сенден издеп,

Сезимдин ыргактарын, ханышам.

Кыз:

Сен тандаган, сен жандаган

Түбөлүккө болоюн ханышаң (сен менин ханышам эй)

Сен каалаган, сен баалаган

Түбөлүккө болоюн ханышаң (ханышам ханышам)

Бала:

Көңүлдөн орун алган,

Жүрөктүн демисиңби?

Өмүрдө бир жаралчу,

Жердеги перисиңби, ханышам?

Суктанам карагаттай,

Капкара көздөрүңө.

Сыйкыры катылгансыйт,

Сырланган сөздөрүңдө, ханышам.

Жуурулуп сезим менен,

Жүрөккө орнодуңбу?

Суурулуп сулуулардан,

Ээледиң ойлорумду, ханышам.

Сүйүүдөн букет жасап,

Өзүңө баргым келет.

Түгөйүң болуп сенин,

Түбөлүккө калгым келет, ханышам.

Кыз:

Сен тандаган, сен жандаган

Түбөлүккө болоюн ханышаң (сен менин ханышам эй)

Сен каалаган, сен баалаган

Түбөлүккө болоюн ханышаң (ханышам ханышам)

Сен тандаган, сен жандаган

Түбөлүккө болоюн ханышаң (сен менин ханышам эй)

Сен каалаган, сен баалаган

Түбөлүккө болоюн ханышаң (сен менин ханышам)

Сен тандаган, сен жандаган

Түбөлүккө болоюн ханышаң (ханышам ханышам)

Сен каалаган, сен баалаган

Түбөлүккө болоюн ханышаң

Мен ханышаң (сен менин ханышам эй)

More From Кенеш тобу

See alllogo