Сезиминде кири жок секелегим, 0.21
Сенин келет колуңдан жетелегим.
Сездире албай жүрөмүн, сездире албай,
Сезим оту жүрөктө өчө элегин.
Токтоло элек мүнөзү, боз торгоюм,
Тура албайсың жанымда шоктонмоюн.
Туура түшүн, кара көз, туура түшүн, сен,
Турмуш супсак, жүрөктө от болмоюн.
(Музыка)
Агаң болуп жүрөмүн абройлуу, 1.21
Ачык айтам канткенде анык ойду?
Абай салып байкачы, карлыгачым,
Азап болду агаңа, азап болду.
Токтоло элек мүнөзү, боз торгоюм,
Тура албайсың жанымда шоктонмоюн.
Туура түшүн, кара көз, туура түшүн, сен,
Турмуш супсак, жүрөктө от болмоюн.
(Музыка)
Шыбырт болсо шырп учкан чымчыктайым, 2.19
Чырмалышкан ойлорго тумчукпайын.
Чырак болуп жагылдың кеч күүгүмдө сен
Чырайыңды эш тутуп тынч уктайын.
Токтоло элек мүнөзү, боз торгоюм,
Тура албайсың жанымда шоктонмоюн.
Туура түшүн, кара көз, туура түшүн, сен,
Турмуш супсак, жүрөктө от болмоюн.