Толтуруп жүрөгүмдү бүт дүйнөмдү
Тагдырым таалайыма жаралганын
Үлбүрөп гүлдөй назик сезимимди
Түбөлүк тартуу кылып сага арнадым
Арзуудан тапкан асыл жүрөктөшүм
Кареке капалыкты түнөтпөсүн
Ак шоола жарык болуп көңүл жөлөп
Аярым ар дайым сен жүроктөсүн
Көңүлдө жашайт сезим балдай таттуу
Сен менен өткөн күндөр кандай шаттуу
Өксүтпөй бакыт берген кучагыма
Өзүң бар өмүр мага билсең таттуу
Кубаныч коштоп биздин ар бир танды
Арзуунун гүлдөп турсун жашыл багы
Кайрадан жаралуу жок арман кылбай
Барктайлы ак сүйүүнү асыл жанды
Арзуудан тапкан асыл жүрөктөшүм
Кареке капалыкты түнөтпөсүн
Ак шоола жарык болуп көңүл жөлөп
Аярым ар дайым сен жүроктөсүн
Көңүлдө жашайт сезим балдай таттуу
Сен менен өткөн күндөр кандай шаттуу
Өксүтпөй бакыт берген кучагыма
Өзүң бар өмүр мага билсең таттуу
Арзуудан тапкан асыл жүрөктөшүм
Кареке капалыкты түнөтпөсүн
Ак шоола жарык болуп көңүл жөлөп
Аярым ар дайым сен жүроктөсүн
Көңүлдө жашайт сезим балдай таттуу
Сен менен өткөн күндөр кандай шаттуу
Өксүтпөй бакыт берген кучагыма
Өзүң бар өмүр мага билсең таттуу