menu-iconlogo
huatong
huatong
avatar

Топ

7Genhuatong
bratyslawa1huatong
Letras
Grabaciones
Жети Жолу

Каалагандай кылып хип хопту

Тоголото тептим топту

Башкача кетти байка да?

Тоскудай

Негедир эч ким жоктой!

Мейли болуптур

Күлүп кой өпкөгө гелий толтуруп

Же көтөрүлөм десең күтө тур

Балким сага келет Helicopter!

Убакытың тик-так учат

Убакытты тик-ток уурдап!

Бара бара баары азгырылып

Азыркыдай жашаганыбыздан бир топ муурда!

Пайда барбы эстегенден?

Суу болсо бир жөн ГЭСке келген

Кыргыздарым бир бирине таңгалбады

Кумир табып америкалык вэстэрндерден!

Ар бир адам

Мен тааныбаган!

Жаагыңды жап, көзүңдү жум көрө албасаң!

Ар бир адам

Мен тааныбаган!

Жаагыңды жап, көзүңдү жум эгер көрө албасаң!

Бул менин блокбастерим Bang Bang

Чебери же Мастери тандоо сенден!

"Дядям, тëтям" девей акем, эжем десең

Түшүнгөндөн канчоо келген!

Мисалы үчүн мына бүгүн

Орусчалыш экеним толук мүмкүн!

Орус мектеп, орус китеп

Орус кинодой өмүрүмдүн жолун сүрдүм!

Эстегенде убакытым барда

Кыштагыман келип алып шаарга

Аралашып жергиликтүү адамдарга

Жакындап бараткансыдым тилди унутаарга!

Сени мени көрүп андайга барба

Анысы жок эле жагдай жагаарда

Соода кылып коюп "Шанхай" базарда

Күнүңдү тос аппак таңдай атаарда!

Ар бир адам

Мен тааныбаган!

Жаагыңды жап, көзүңдү жум көрө албасаң!

Ар бир адам

Мен тааныбаган!

Жаагыңды жап, көзүңдү жум эгер көрө албасаң!

Ар бир адам

Сени тааныбаган

Тим койсоң атаң

Туура жашашты үйрөтүп алган!

Ар бир адам

Сени тааныбаган

Тим койсоң апаң

Туура жашашты үйрөтүп алган!

Өз балаңызды, кызыңызды

Деги татыктуу тарбияладыңызбы?!

Ошол жакты карай көңүл буруп койуңузчу

Үй-бүлөөгө толук бөлүп кыжаалатыңызды!

Башкалардыкын эмне кыласыңар?

Келесоосуңар, асыласыңар!

Сиздейлерге жер жаман касылаар

Жети жамгырдан өчөт атыңар!

Өзгөрсө болот каалаганда

Кудай таалам берген белек алаканда

Жолун ачып берет таза баратканга

Мендей болуп кээде кээде сен адашып калба!

Өзгөрсө болот каалаганда

Кудай таалам берген белек алаканда

Жолун ачып берет таза баратканга

Мендей болуп кээде кээде сен адашып калба!

Ар бир адам

Мен тааныбаган!

Жаагыңды жап, көзүңдү жум көрө албасаң!

Ар бир адам

Мен тааныбаган!

Жаагыңды жап, көзүңдү жум эгер көрө албасаң!

Más De 7Gen

Ver todologo
Топ de 7Gen - Letras y Covers