menu-iconlogo
huatong
huatong
avatar

Балыкчы

Баястан/FreeMan996huatong
sam4637766huatong
Letras
Grabaciones
Шамалга бөлөнгөн, шаарында төрөлгөм

Эшиги көлүмдүн, тоолордун төрүндө

Сагынам алыста, ташыңа мен куса

Өзүңө жете албай мен суусайм

Сүрсөм өмүрдө алыста!

Сүйүктүү Балыкчы шаарым

Сүйүктүү, сүйүктүү Балыкчы шаарым!

Менин шаарым

Менин Балыкчым!

Сени катуу сагынып калыпмын

Көчөлөрүң, тамдарың

Тургундарың, кыздарын, балдарың!

Мектепте жүргөн кезим

Шалмандыкка күлгөн сезим!

Шамал тынбай жүргөн безип!

Балачагым, сен окуй элек гезит!

Соң көлдөн Каркыраны көздөй

Араладык болушунча сейилдеп!

Каркырадан Алияны көздөй

Бир айланганга мейли деп!

Балыкчыдагы жаштар

Билет бизде сонун эски пляж бар

Көл жээгинде жайнап асыл таштар

Толкундарга өгөлөнүп баштаар!

Шамалга бөлөнгөн, шаарында төрөлгөм

Эшиги көлүмдүн, тоолордун төрүндө

Сагынам алыста, ташыңа мен куса

Өзүңө жете албай мен суусайм

Сүрсөм өмүрдө алыста!

Сүйүктүү Балыкчы шаарым

Сүйүктүү, сүйүктүү Балыкчы шаарым!

Más De Баястан/FreeMan996

Ver todologo
Балыкчы de Баястан/FreeMan996 - Letras y Covers