menu-iconlogo
huatong
huatong
avatar

Сагынганда

Кайрат Примбердиевhuatong
neyman_star2huatong
Lirik
Rekaman
Сен эсимдесиң, сактап келем,

Жүрөгүмдө эч унутпай.

Мен баягыдай сага жетип,

Кучагыма кыса албайм.

Бул жашоодо биз бирге болбойбуз,

Тагдырыбызга баш ийдик болгону.

Сен дагы мени сагынганда,

Канатсыз учкуң келеби?

А мен өзүңдү сагынганда,

Жолуңду карай беремин.

Кусалык жүрөгүмө толуп,

Ансайын сүйүп өзүңдү.

Үнүңдү жылажындай тунук,

Эстеймин жылуу сөзүңдү.

Мен жалгыздыктын деңизинде,

Чөгүп жаткан кемедеймин.

Сен максатына жетпей калган,

Сызып учкан жебедейсиң.

Бул жашоодо биз бирге болбойбуз,

Тагдырыбызга баш ийдик болгону.

Selengkapnya dari Кайрат Примбердиев

Lihat semualogo
Сагынганда oleh Кайрат Примбердиев - Lirik & Cover