Ат чапсаң ат мыктысын алыстаткан, 
Арт жакта азаматтар калып жаткан. 
Санаага чөгүп кетип бүт карааның, 
Саматтың далайларды алыс жактан. 
[Кайырма] 
Эй, тоолук кыз, ой, тоолук кыз, 
Тойбой сенин элесиңе, 
Топ жигиттер ашыкпыз. 
Кайратың карды эритет чыкыроондо, 
Ажарың айды үркүтөт түнкү тоодо. 
Өрттөнүп кетеби дейм боз уландар, 
Өзүңө жакындашып бир болгондо. 
[Кайырма] 
Чабандык кесип - сенин баатырдыгың, 
Чабалдык кылат эрдин баатырдыгын. 
Кошулсаң сага шаардык даяр эле, 
Койчу болуп берүүгө макулдугун.