menu-iconlogo
huatong
huatong
avatar

Айылыма

Кайрат Примбердиев/Бегишhuatong
༄ᶦᶰᵈ᭄™SID࿐🦥😎huatong
歌詞
レコーディング
Асыр эзелтен азыр деле тең

Ар адамдын айыл булагы

Алса экен деп элдин мурасын

Ар ата-эне тилеп турабы

Айлымда ата-салты бек эле

Айланам толо асыл кеп эле.

Ар дайым баргым келет тезирээк

Балалыгым балга малып

Койгон сымал сезилет.

Кайырма:

Таанымал талуу сезим келет бир убак

Түйүнчөгүм даяр замат

Таң эртеси жолду карап.

Жүрү-жүрү кеттик анда

Айылыма, айлыма

Таалайымдын тамырына

Тарыхымдын таң сырына.

Таалайымдын тамырына

Тарыхымдын таң сырына.

Айыл жытынан акыл сергисе

Аталарга кулак эргисе

Түндүгүнөн түнү жылдыз санаган

Болду беле сенде бир кезек.

Шибир баскан жылаңайлак

Тикенектен секирип

Атка минип, аттан кулап

Эр жигиттер жетилип.

Алтын шакек, упай чертип,

Ак терегиң, көк терек.

Айылымдан алган отуң

Терең акыл, күч билек.

Кайырма:

Таанымал, талуу сезим келет бир убак

Түйүнчөгүм даяр замат

Таң эртеси жолду карап.

Жүрү-жүрү кеттик анда

Айылыма, айлыма

Таалайымдын тамырына

Тарыхымдын таң сырына.

Таалайымдын тамырына

Тарыхымдын таң сырына.

Экөөбүз бир чоңойгон айыл

Эсимде калды түбөлүк дайым.

Балалык кезге түшүп айылды

Айланайлы, кыдыралы.

Курбуларды чогултуп барып

Дасторкон алып, отунду жарып

Жаңырсын айылдын сонун ырлары

Шар аккан булагы жүрөккө дары.

Баралы айылга тажатса шаарым

Жандырып жайлоого жаштыктын шамын.

Алабы жүрөктөр бираз жашарып,

Калабы жүрөктөр бираз жашарып,

Ааламга жол айылдан экен

Унутпай сактаймын мен аны эсте

Сагынып айылымды кучактап бекем,

Түйүнчөгүм алып айылга кетем.

Таалайымдын тамырына

Тарыхымдын таң сырына.

Таалайымдын тамырына

Тарыхымдын таң сырына.

Таалайымдын тамырына

Тарыхымдын таң сырына ээээй.

Спасибо Медеру!

Кайрат Примбердиев/Бегишの他の作品

総て見るlogo
Айылыма by Кайрат Примбердиев/Бегиш - 歌詞&カバー