Kumarbek & Bounty
Башкалардан бөлүнүп турасың
Көздөрүңдү ирмегенде
Барсың жаным бир эле менде
Башкалардан бөлүнүп турасың
Дене боюң кийингениң
Сүйдүрөсүң күндө мени
Күндө күчөп сага жанып турат сезимдерим
Жагат мага сенин кулпунайдай эриндерин
Жагат мага сенин атырыңды себингениң
Жагат мага сенин каштарыңдын терилгени
Сенсиз жүрүү менин колумдан келбейт
Сагынтасың дайым оюммдан кетпей
Сени жаным менин эчкимге бербейм
Сүйүүм менин жанымдын жартысы
Бактымдын ачкычы көңүлдү тапкычым
Сенсин сүйүүм менин
Жанымдын жартысы бактымдын ачкычы
Көңүлдү тапкычым сенсиң
.Bounty.
Көңүлүң аппак
Колдоруң пахта
Жүрөгүң сенин музей сүйүүмдү сактайт
Мен сени барктайм
Мен сени мактайм
Колумда көтөрөм жерге кулатпайм
Сен мага ак бол. өз оюңа сак бол. так бол
Сен гана батчудай жүрөгүмө чак бол
Маңдайыма жазыл кончу мага бак болуп
Сен бак болуп
Издегеним менин өзүң болдуң табылганым
Калбачудай сени күнү түнү сагынганым
Сен экөөбүз Титаниктин башкы каарманы
Суу каптаса мейли түшө берсин чагылганы
Сенсиз жүрүү менин колумдан келбейт
Сагынтасың дайым оюммдан кетпей
Сени жаным менин эчкимге бербейм
Сүйүүм менин жанымдын жартысы
Бактымдын ачкычы көңүлдү тапкычым сенсиң сүйүүм менин
Жанымдын жартысы бактымдын ачкычы
Көңүлдү тапкычым сенсиң