menu-iconlogo
huatong
huatong
avatar

Суранамын кечир мени

мирбек атабековhuatong
thebeas1huatong
가사
기록
Азгырылып, сезим менен ойноп,

Айрылдым өзүңдөн,

Биздин сүйүүбүздү жомоктой ойлоп.

Сага жагыш үчүн издөө айла,

Жалган айтып, алдадым,

Сени жоготуудан коркуп анда.

Көрбөптүрмүн сендей жанды,

Көздөрүңдө сыйкыр барбы?

Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың.

Жан дүйнөмдүн тынчын алып,

Жалын болуп күйүп, жанып, кеттиң алыс,

Сенсиз калдым эми жалгыз!

Жүрөгүмдү ээлеп алдың,

Бар дүйнөмө бүрөк салдың,

Жалын болуп күйүп жаным,

Күйүт салдың.

Бакыт сен жок сезилбеди,

Жүдөттүң го сезимимди,

Сагынычка эзбей эми,

Келчи деги,

Суранамын, кечир мени!

Алоолонуп жүрөк кезип кайра,

Ар дайым эсимде,

Ал күндөрүм менин соолубас дайра.

Эми сезимдерим издөө айла,

Жалгыздыкка кезигем,

Сенин "Сүйөм" деген сөзүң кайда?

Көрбөптүрмүн сендей жанды,

Көздөрүңдө сыйкыр барбы?

Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың.

Жан дүйнөмдүн тынчын алып,

Жалын болуп күйүп, жанып, кеттиң алыс,

Эми сенсиз калдым жалгыз!

Жүрөгүмдү ээлеп алдың,

Бар дүйнөмө бүрөк салдың,

Жалын болуп күйүп жаным,

Күйүт салдың.

Бакыт сен жок сезилбеди,

Жүдөттүң го сезимимди,

Сагынычка эзбей эми,

Келчи деги,

Суранамын, кечир мени!

Суранамын, кечир, суранамын!

кайрылсаңКубанычым болуп,

Кучагыма толуп,кайрылсанчы,

Сар санаага алдырбай,

Аясыңчы мени жалгыз калтырбай!

Суранамын, кечир мени!

мирбек атабеков의 다른 작품

모두 보기logo