[1-куплет]
Көкүрөгү көк асманга тартып кыргыз уулу тынбайт
Көкөлөгөн көр заманда ысык-суугу сынга сынбай
Көпөлөктөй бир күн дүйнө жыргалына жанды кыйбай
Көлөкөсү калың журтка көмүскөдөй, кызыл туудай
[Бридж]
Эээ-ээй түндүгүнө тал-бакан
Эээ-ээй таштар жыйра шар аккан
Каштар бүркөп булут-калкан басса да дагы
Эээй айкөл жүрөк берген о Жараткан
Манас урпактары, намыс ыргактары
Жүрөгүмдү булкуп, жулкуп турган маалы
Ыйманыңа кыйбат кылгандар көп кыйнап
Унутпагын, Кыргыз уулу, ыйман арты таң атаарын
[Припев]
Ууу уууу Уулу Уулу Уулу Уулу
Ууу уууу Кыргыз уулу Кыргыз уулу Кыргыз уулу эээ ээй
[2-куплет]
Тилиң менен көөлөгөндү токтот өзүңдү бир сында
Көгөргөндү көргө малба көңүл өчсө да кымындай
Улуу жолуң, Кыргыз, жолду тоспо бир бириңе чыдай
Жыгылба деп жол ачканга белек камдап койгон Кудай