menu-iconlogo
huatong
huatong
avatar

Нурмат Садыров - Эламан (By Myrza)

Нурмат Садыровhuatong
By_Myrzahuatong
Letra
Gravações
_By Myrza Production_

Азим байкеге ыраазычылык!

_____1-куплет_____

Жылдыз болуп күнүгө,

Жарык чачат үйүмө.

Сен бар үчүн дүйнөдө,

Үйүм толо күлкүгө.

Жылдыз болуп күнүгө,

Жарык чачат үйүмө.

Сен бар үчүн дүйнөдө,

Үйүм толо күлкүгө.

_____Кайырма_____

Балам, балам, жан балам,

Ананайын садагам.

Элим аман болсун деп,

Атыңды койдум Эламан.

Аман, аман, Эламан,

Гүл белемсиң, садагам?

Жыттап, жыттап тойбодум,

Ананайын жытыңдан.

_____Проигрыш_____

_____2-куплет_____

Балдан ширин сөздөрүң,

Бүлбүл жанган көздөрүң.

Шириним, ай, шириним,

Узун болсун өмүрүң.

Ата-энеңдин бактына,

Эр жетилдиң, садага.

Талыбастан канатың,

Пайдаң тийсин журтуңа.

_____Кайырма_____

Балам, балам, жан балам,

Ананайын садагам.

Элим аман болсун деп,

Атыңды койдум Эламан.

Аман, аман, аман, Эламан,

Гүл белемсиң, садагам?

Жыттап, жыттап тойбодум,

Ананайын жытыңдан.

_By Myrza Production_

Mais de Нурмат Садыров

Ver todaslogo
Нурмат Садыров - Эламан (By Myrza) de Нурмат Садыров – Letras & Covers