Гүл болуп ачылайын, сага карайын,
Сезимди барктай алсаң сүйүүм арнайын.
Ак куудай апакайым, бир сени тандаймын,
Кол кармашып түбөлүк жүргөндү самаймын.
хооооовоовооее
Жүрөк толкуп турат, сенден үмүт кылат,
Балкып кетип мээримге кайра сүйүү сунат.
Айга күнгө теңеп, көкөлөткүм келет.
Махабатты туу тутсак, бизге бакыт берет.
Ак куудай бирге болсок сүйүү ак болот,
Көңүлдөр болуп куунак, башка бак конот.
Жылуу сөз айтсаң мага жүрөгүм козголот.
Келечек чачып нурун, кыялдар ойгонот.
хооооовоовооее
Жүрөк толкуп турат, сенден үмүт кылат,
Балкып кетип мээримге кайра сүйүү сунат.
Айга күнгө теңеп, көкөлөткүм келет.
Махабатты туу тутсак, бизге бакыт берет.
уооооввооо йеееее
ааааа аааа аааа
аааа аааа
Жүрөктө сүйүү болсо,
кубанып жүзүң жанат,
Сезимиң тунук болсо, махабат гүлүн ачат.
Кош жүрөк бирге болсо,
бакыттын балын татат,
Жалгыздык кош айтышса, жакшылык жалын