menu-iconlogo
huatong
huatong
avatar

Унутпа (by Doni)

Нурлан Насипhuatong
⏤͟͟͞͞★𝐃𝐀𝐍𝐈𝐘𝐀𝐑✭𓅃huatong
เนื้อเพลง
บันทึก
Экөөбүз жолукчу жер көлдүн жээги, аба салкын аай

Күндөгүдөн баскандарың бүгүн эрте, арбын-арбын аай

Шашкансып толкундарды кечип өттүң,

Кол сунуп жолугарда ойго чөктүң,

Оюмда эч нерсе жок ай кучактасам аай

Башкага жар болдум деп

Башкага жар болдум деп ыйлап өптүң.

Махабат бооруң ташпы,агыздың го көздөн жашты аай

Бактымды кармай албай, бул сүйүүдөн көңүл калды аай

Тилеген ой бар эле, дагы канча

Сөз бүтпөй сүйлөшчү элек ай чыкканча

Алтыным кош болгун деп ай кете бердиң,аай

Көзүмдөн акты жашым

Көзүмдөн акты жашым узаганча.

Кызарып күн жаңыдан тоого кирип баткан эле аай

Көл дагы коштошконсуп жээкке сууну чачкан эле аай

Кааларым бакыт кушун табарыңды

Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды

Кош эми түбөлүккө ай бактылуу бол аай

Унутпа сени сүйгөн

Унутпа сени сүйгөн адамыңды.

Унутпа сени сүйгөн

Унутпа сени сүйгөн адамыңды.

เพิ่มเติมจาก Нурлан Насип

ดูทั้งหมดlogo