menu-iconlogo
huatong
huatong
avatar

Классташтар

Айпери Кубик кызыhuatong
paltikinghuatong
歌詞
作品
Мектебим мен окуткан эжейлерим агайларым,

Мектебим тарбиялап чоңойттуң го мени дайым.

Баш ийип таазим кылам биздейди адам кылган,

Мектебим сени унутпай өмүр бою сени сыйлайм.

Кайырма:

Классташ кыздар балдар,

Кайдадыр алыстарга учасыңар.

Классташ кыздар балдар,

Куш болду кечээки эле балапандар.

Классташ кыздар балдар,

Унутпа уяңарды учкан куштар.

Классташ кыздар балдар,

Каалаймын ачылса экен ак жолуңар.

Дос болуп он жыл бою бир класста бирге окудук,

Дос болуп бала кезден кубалашып биз ойнодук.

Коңгуроо шыңгырады, убакыт зымырады,

Эй достор өттү күндөр балалык кез артта калды.

Кайырма:

Классташ кыздар балдар,

Кайдадыр алыстарга учасыңар.

Классташ кыздар балдар,

Куш болду кечээки эле балапандар.

Классташ кыздар балдар,

Унутпа уяңарды учкан куштар.

Классташ кыздар балдар,

Каалаймын ачылса экен ак жолуңар.

更多Айпери Кубик кызы熱歌

查看全部logo