menu-iconlogo
huatong
huatong
avatar

Таң сыры(By Myrza)

мирбек атабековhuatong
⏤͟͟͞͞★𝐁𝐘_𝐌𝐘𝐑𝐙𝐀✭𓅃huatong
歌詞
作品
By Myrza Production

Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган,

Нурларынан курган кайран көпүрөм.

Бекемине күмөнсанап жаңылгам,

Өтүмү жок болгонума өкүнөм.

Кимге айтып күйүтүмдү,

Кимге барып өтүнөм?

А-а-ай, о-о-ой,

Кимге айтып күйүтүмдү,

Кимге барып күн-түнү,

Кимге барып өтүнөм?

Таңшыгыча табышмактуу таң сыры,

Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.

Таба албайм кайрылганда айт чынын,

Артык бекен башка жердин көркөмү?

Арбалсаң да бир келерсиң,

Ала-Тоону көргөнү.

А-а-ай, о-о-ой,

Сагынганда бир келерсиң,

Саргайганда бир келерсиң.

Ала-Тоону көргөнү.

Кала берем мекенимде сени эстеп,

Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.

Өтүнөрүм көкүрөгүм элестеп,

Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,

Жаңырыгы жарар зоо.

А-а-ай, о-о-ой,

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,

Жаңырыгы жарар зоо.

Сагынганда бир келерсиң,

Саргайганда бир келерсиң.

Ала-Тоону көргөнү.

By Myrza Production

更多мирбек атабеков熱歌

查看全部logo