menu-iconlogo
huatong
huatong
avatar

Кош жылдыз

Қарақат Әбілдинаhuatong
output85huatong
Тексты
Записи
"Кош жылдыз"

Наздыгын учун, жаз гүлүн бүтүн

Бүт алдыңа сенин төшөйүн

Аялуу дүйнө аларга тийбе

Гүлүң болуп, өзүм өтөйүн

Кайырма:

Ачылып жаңы,аязда дагы

Жоогазындай жаштык жамалы

Жанаша жүрүп, жараша күлүп

Гүлдестеге

Гүлдестеге

Гүлдестеге окшоп ээй

Гүлдестеге окшоп ээй алалы

Жылмаюуң үчүн жылдызды бүтүн

Мончок кылып сага тагайын

Ажайып дүйнө аларга тийбе

Чолпон болуп өзүм жанайын

Түндөсү дагы күндүзү дагы

Жылдыздана жаштык жамалы

Бөлүнбөс болуп өмүрлөш болуп

Кош жылдызга

Кош жылдызга

Кош жылдызга окшоп эй

Кош жылдызга окшоп эй жаналы

Бир өзүң учун өмүрдү бүтүн

Курмандыкка деле чалайын

Ардагым эми аячы мени

Жалгызсырап кантип калайын

Жанаша жүрүп, жараша күлүп

Гүлдестеге окшоп алалы

Бөлүнбөс болуп, өмүрлөш болуп

Кош жылдыздай

Кош жылдыздай

Кош жылдыздай көктө эй

Кош жылдыздай көктө эй жаналы

Жанаша жүрүп, жараша күлүп

Гүлдестеге окшоп алалы

Бөлүнбөс болуп, өмүрлөш болуп

Кош жылдыздай

Кош жылдыздай

Кош жылдыздай көктө эй

Кош жылдыздай көктө эй жаналы

Кош жылдыздай көктө эй жаналы

Еще от Қарақат Әбілдина

Смотреть всеlogo
Кош жылдыз от Қарақат Әбілдина - Тексты & Каверы